Чүйдөгү жол кырсыктан 3 адам көз жумду. Арасында жаш бала да бар (сүрөт)

Чүйдөгү жол кырсыктан 3 адам көз жумуп, үчөө жаракат алды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, жол кырсык Бишкек-Нарын-Торугарт унаа жолунун 50-чакырымында катталган. Анда Mercedes-Benz үлгүсүндөгү унаанын айдоочусу жолдун ортосундагы бетон тосмону сүзгөн.

Кырсыктын кесепетинен 3 адам жеринде каза болгон. Каза болгондордун арасында жаш бала да бар. Ошондой эле 3 адам жабыркаган. Учурда каза болгондордун жана жабыркагандардын аты-жөнү такталып жатат.

Жерине Токмок шаардык №21 ӨКБдан 4 куткаруучу тартылып, жабыркаган адамдарды унаадан чыгарып тез жардам кызматына өткөрүп беришкен. Ал эми каза болгон адамдарды куткаруучулар жеткенге чейин тез жардам кызматы алып кеткен.