Новопокровка айылындагы өрт эки адамдын өмүрүн алды

Чүйдө өрттүн кесепетинен 2 адам көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, Ысык-Ата районундагы Ленин көчөсүндө жайгашкан кафенин кароолчулар турган бөлмөсүнөн өрт чыгып, бөлмө толугу менен өрттөнүп кеткен. Кырсыктын кесепетинен бөлмөнүн ичиндеги орус улутундагы эки адам көз жумду. Өрт саат 06:30да чектөөгө алынып, 06:50дө толук өчүрүлдү. Өрттүн келип чыгуу себеби такталууда.