Чүйдөгү каналга чөгүп кеткен кишинин жансыз денеси 2 күндөн кийин табылды

Чүйдөгү Ат-Башы каналына чөгүп кеткен жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

9-июль күнү 40 жаштагы жаран сууга түшүп кеткендиги тууралуу мааалымат түшүп, куткаруучулар издөө иштерин жүргүзүп аткан.

Кечээ, 11-июлда саат 11:57де чөккөн жеринен суу агымы менен бир чакырым жерден куткаруучулар сөөктү табышып, суудан алып чыгып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришкен.