Чүйдөгү кыш заводдорунан чыккан түтүн абаны булгаганы үчүн иш козголду

Башкы прокуратура тарабынан айлана-чөйрөнү коргоо мыйзамдарынын талаптарынын сакталышы боюнча жүргүзүлгөн текшерүүдө атмосфералык абанын булганышына байланыштуу олуттуу мыйзам бузуулар аныкталды.

Текшерүүнүн жүрүшүндө Аламүдүн районунун Башкара-Суу айылындагы «ИГ» жана «Б» жоопкерчилиги чектелген коомдорго таандык кыш заводдор тиешелүү мамлекеттик экологиялык корутундусуз иштеп жатканы белгилүү болгон.

«Мындай аракеттер экологиялык коопсуздук талаптарынын бузулушуна алып келип, Бишкек шаарындагы атмосфералык абанын булганышын шарттаган. Мындан сырткары, Жаратылыш ресурстар, экология жана техникалык контролдоо министрлигине караштуу Экологиялык-техникалык контролдоо кызматынын кызматкерлери тарабынан тиешелүү көзөмөлдүн жоктугу чарбакер субъекттердин мыйзамсыз ишмердүүлүгүнө жол ачкан.

Аталган фактылардын негизинде Башкы прокуратурасы тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 305-беренеси (атмосфераны булгоо) жана 348-беренеси (шалаакылык) боюнча эки кылмыш иши козголуп, тиешелүү тергөө органдарына өткөрүп берилди», — деп айтылат маалыматта.