29-май күнү Ысык-Ата РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө телефон чалуу болуп, Ысык-Ата районунун аймагындагы жайгашкан көлмөлөрдүн бирине 1989-жылы туулган жаран сууга түшүп, ошол боюнча чөгүп кеткенин билдирилген. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден билдиришти.
Бул факты бирдиктүү реестрге катталып, дароо Ысык-Ата РИИБдин ыкчам тергөө тобу окуя богон дарекке чыгышкан. Милиция кызматкерлери тарабынан териштирүү иштери жүргүзүлүп, 29-май күнү болжол менен саат 17:30 чамаларында 1994-жылы туулган, 1989-жылы туулган жана 1981-жылы туулган жарандар Ысык-Ата районундагы көлмөлөрдүн бирине балык уулоо үчүн барышып, ал жерден спирт ичимдиктерин ичишип, сууга түшүшкөн. Көлмөдө жуунуп жаткан жеринен 1989-жылы туулган жаран сууга чөгүп кеткен. Жанындагы шериктери куткарууга аракет кылышканы менен аны сактап калуу мүмкүн болбогон соң, ички иштер органдарына жана өзгөчө кырдаалдар министрлигине кабарлашкан.
Сууга чөгүп кеткен жарандын жансыз денеси куткаруучулар тарабынан суудан чыгарылып, ага карата соттук медициналык экспертиза дайындалган. Учурда сотко чейинки өндүрүш иштери улантылууда.