Чүйдөгү көзөмөл-өткөрмө жайларындагы коррупция боюнча 24 адам кармалды

Бүгүн, 24-сентябрда УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин катышуусунда жыйын болуп өттү. Ал кеңешменин темасы Чүй облусундагы «Чалдовар-Автодорожный» көзөмөл-өткөрмө бекетиндеги абал экенин айтты.

«Чалдовар-Автодорожный» көзөмөл өткөрүү пунктунун иш зонасында кызмат адамдары өзүнчө «ортомчулар» менен сүйлөшүп, жалган товарларды-коштоочу документтерди колдонуу менен ЕАЭБге катышуучу өлкөлөрдөн товарларды мыйзамсыз импорттоо боюнча коррупциялык схеманы түзүшкөндүгү аныкталган.

18-сентябрда жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында Салык кызматынын 7, Чек ара кызматынын 6, Айыл чарба министрлигинин Фитосанитардык кызматынын 7 кызматкери жана Транспорт министрлигинин алдындагы Салмак-габариттик контролдоо боюнча мамлекеттик инспекциясынын 4 кызматкери жыйын учурунда кармалды.

Аталган коррупциялык схемада «ортомчулар» жасалма документтердин негизинде жүк ташып келүү үчүн оор жүк ташуучу унаадан 1500дөн 2000 долларга чейин акча алышкан.