Чүйдөгү «Кызыл-Белес» тоо лыжа базасы мамлекетке өттү

Аламүдүн районундагы “Кызыл-Белес” тоо лыжа базасы мамлекеттин менчигине кайтарылды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

УКМК тарабынан Чүй облусунун Аламүдүн районундагы буга чейин жеке адамдар тарабынан менчиктештирилип кеткен “Кызыл-Белес” тоо лыжа базасы мамлекеттин менчигине кайтарылды. Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын натыйжасында, буга чейин Аламүдүн районунун мамлекеттик мүлктү башкаруу жана жергиликтүү бийлик органдарынын жооптуу кызматкерлери тарабынан жалпы аянты 10 гектар болгон тоо лыжа базасы жана жайыт жерлери жеке менчикке өткөрүлүп берилип, кийин үчүнчү жактарга кайра сатылгандыгы аныкталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө менчик ээлери өз ыктыяры менен 50 миллион сомдон ашык бааланган жер тилкесин жана курулуштары бар объектти мамлекеттин балансына өткөрүп берди.