Чүйдөгү мейманканадан сойкукана аныкталды. Анда 8 кыз иштеп жүргөн

Чүйдө сойкукана аныкталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, учурда облус аймагында рейддик иш-чаралар жүрүп жатат. Анын алкагында «Ордо» мейманканасынын ичинен сойкукана аныкталган. Андагы кыздар акчага интимдик кызмат көрсөтүп жүрүшкөн.

Аталган жайдын администратору 1961-жылы туулган аял кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилген. Сойкуканада 8 кыз иштей турганы аныкталып, милицияга жеткирилген. Тергөө уланууда.