Чүйдөгү мектеп окуучуларынын мушташы. 15 жаштагы өспүрүм жаракат алган

Новопавловка айылында мектеп окуучуларынын мушташынын кесепетинен 15 жаштагы өспүрүм жабыркады. Бул тууралуу Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти. 

Маалыматка караганда, жашы жете электердин топтолушу жана мушташуусу тууралуу билдирүү милицияга 16-октябрда түшкөн. Окуя болгон жерге кызматкерлер барган учурда, мектеп окуучулары мушташуу болбогонун айтышкан. «Кийинчерээк Бишкек ооруканасына 15 жаштагы өспүрүм кайрылган. Ал денесинен жаракат алган. Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин “бейбаштык” беренеси боюнча катталып, сотко чейинки өндүрүш башталды. Окуянын чоо-жайы иликтенүүдө», — деп билдиришти милициядан.