Чүйдөгү мектепте өрт чыкты

Ысык-Ата районундагы Люксембург айылында жайгашкан Ваккер атындагы орто мектептен өрт чыккан. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Өрттү өчүрүүгө саат 12:09да Ысык-Ата райондук №27 ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп тартылган. Саат 12:48де Ысык-Ата райондук №4 ӨКБдан 2 күжүрмөн эсеп тартылып, жалпысынан 4 эсеп тилсиз жоону өчүрүүдө. Ошондой эле жерине ӨКМдин Чүй облусу боюнча башкармалыгынын башчысы жөнөп кеткен.