Чүйдөгү ооруканада 24 жаштагы жигит эсине келбей көз жумду. Окуянын чоо-жайы

Чүйдөгү ооруканада жаш жигит көз жумду. Кылмышка шектелип 3 жаран кармалды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 12-октябрда Жайыл РИИБге аймактык ооруканадан чалуу түшкөн. Анда Кара-Балта шаарынын 24 жаштагы тургуну жараат алганы, 19-октябрда эсине келбей, жандандыруу бөлүмүндө көз жумганы айтылган. Аталган факты каттоого алынып, Жазык кодексинин 138-беренесине ылайык кылмыш иши козголгон. Тергөөнүн алдына ала версиясы боюнча, маркум Кара-Балта шаарындагы көчөлөрдүн биринде тааныштары тарабынан сабалганы маалым болгон. Аталган кылмышка шектелип, 24 жаштагы жигит кармалып, 2 айга камакка алынган. Кийинчерээк милиция кылмышка шектелген дагы 2 жаранды кармады. Алардын 31 жана 52 жаштагы жарандар экени аныкталган. Тергөө иштери жүрүп жатат.