Чүйдөгү өрттөнгөн вагондон табылган жансыз дене. Окуянын чоо-жайы

Бүгүн, 28-октябрда ӨКМ маалымат таратып, Чүйдө вагондо өрт чыкканын, анын ичинен белгисиз эркек кишинин жансыз денеси табылганын билдирген. Чүй ОИИБден СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине окуя тууралуу маалымат беришти.

Кечээ, 27-октябрда саат 20:06 чамасында Аламүдүн РИИБге өрт тууралуу маалымат түшкөн. Жерине кызматкерлер барган учурда вагондон чыккан өрт анын жанындагы унаа жуучу жайга өтүп баратканы аныкталган. Кызматкерлер өрттү убагында өчүрүп калышкан. Бирок вагондун ичин кароо учурунда болжол менен 45-50 жаштагы эркек кишинин жансыз денеси табылган. Факты Аламүдүн РИИБге катталган.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө вагондо туруктуу жашаган жери жок жарандардын жашап жүргөндүгү аныкталган.