Чүйдөгү өрттөнгөн үйдөн 3 кишинин жансыз денесинин табылышы. Жаңы жагдайлар

Буга чейин ӨКМден Чүйдө өрт чыккан үйдөн 3 адамдын жансыз денеси табылганын билдиришкен. Алардын экөөсү эркек, бирөө аял болчу. Маалыматка караганда, каза болгондор 59 жана 64 жаштагы эркек кишилер болгон. Ал эми аялдын аты-жөнү азырынча тактала элек.

Өрт таңкы саат 5:59да чыгып, өрттү өчүрүүгө 1 бөлүм тартылган. Куткаруучулар тилсиз жоонун кесепетинен каза тапкан 1958-жылы туулган үй ээсинин жансыз денесин үйдүн короосунан тапкан. Ал эми үйдүн ичинен эки адамдын — 1963-жылы туулган эркек киши менен аял кишинин жансыз денеси чыгарылып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилди.