Чүйдөгү санаторийге мас жарандар кирип, 30га жакын адамды сабашкан. Шектүүлөр кармалды

10-сентябрдын кечинде «Теплые ключи» санаторийинде жаңжал болуп, кесепетинен бир нече адам жабыркаган. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти. 

Маалыматка караганда, санаторийге колунда таяктары менен төрт мас жигит кирип барган. Ал кезде санаторийде 30га жакын адам болгон. Аларды сабап, санаторийдин мүлкүн да талкалашкан.

Кылмышка шектүү катары 1993, 1995 жана 1996-жылы туулган 2 жаран кармалып, камакка алынды. Тергөө уланууда.