Чүйдөгү суу сактагычка чөгүп кеткен 14 жаштагы өспүрүмдүн сөөгү табылды (сүрөт)

Чүйдөгү Богдан суу сактагычына 14 жаштагы бала чөгүп кетти. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Маалыматка караганда, окуя кечээ, 5-июнда болгон. «Федоровка айылындагы Богдан суу сактагычына 2007-жылы туулган эркек бала түшүп кеткен. Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө 10 куткаруучу тартылып, саат 19:57де маркумдун жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти», — деп айтылат маалыматта.