Кечээ, 12-июлда Чүйдөгү сууга аял киши чөгүп кеткен. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, саат 15:30 чамасында Төш-Булак айылында Сокулук суусуна 1973-жылы туулган аялдын чөгүп кеткени тууралуу маалымат түшкөн. Жерине издөө иштерин жүргүзүүгө Сокулук райондук ӨКБдан жалпы 8 куткаруучу тартылып, маркумдун жансыз денесин суудан табышып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп берилди.