Чүйдөгү талаада жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылды

Чүйдө талаада жаңы төрөлгөн ымыркайдын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 31-мартта болжол менен саат 22:09 чамасында Пригородное айылына жакын жердеги талаада жаңы төрөлгөн ымыркайдын (эркек бала) жансыз денеси жатканы тууралуу маалымат түшөн. Аталган факты Сокулук РИИБге каттоого алынып, териштирүү башталган. Учурда ымыркайдын энесин издөө иштери жүрүп жатат.