Чүйдөгү талаадан жансыз денеси табылган кыздын апасы буга чейин эмне деген?

Чүйдө дайынсыз болуп, изделип жаткан кыздын жансыз денеси табылды. Чүй ОИИБ берген маалыматка караганда, кыз 18-февралга караган түндөн бери дайынсыз болуп жаткан.

«18-февралга караган түнү кыз Гидростроитель айылындагы мектептин жанында таанышы менен жолуккан. Экөөнүн ортосунда уруш чыгып, таанышы кызга кол көтөрүп, бут кийиминин боосу менен муунтуп өлтүргөн. Кылмышты жашыруу максатында жансыз денени талаага алып барып, жалбырак, бактын бутактары менен жашырып, качып кеткен. Адам өлтүрүү беренеси менен кылмыш иши козголуп, 2004-жылы туулган шектүү кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда», — деп айтылат маалыматта.

Активист Жаныбек Егенбердиев кечээ, 25-февралда видео жүктөгөн. Анда кыздын апасы кызы дайынсыз болуп жатканын айтып, окуя тууралуу маалымат берген.

«18-февралга караган түнү кызым досунун суранычы менен сыртка чыккан. Ошондон кийин үйгө кайтып келген жок. Мындайча айтканда, ал менин кызымды жаткан жеринен алып кеткен болуп жатат. Кызым түнкү саат 3тө чыгып кеткен бойдон кайра кирген жок. Көзөмөл камералардын видеолору бар», — деген апасы.

«Инстаграмда экөөнүн жазышканы бар. Ал кыздан сыртка чыгууну суранган. Биз катты өз көзүбүз менен көрдүк. Анткени ал аккаунтка бир тууганынын телефонунан кирген экен. Жазышуусу сакталып калган. Тез арада бир нерсе тууралуу сүйлөшүү керек экенин жазган экен», — деди апасынын жанында турган жаран.