Төмөнкү Ала-Арча айылындагы суу сактагычтан эркек кишинин жансыз денеси табылды

Чүйдөгү суу сактагычтан белгисиз жарандын жансыз денеси табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

ӨКМге Аламүдүн районунда жайгашкан Төмөнкү Ала-Арча айылындагы суу сактагычта эркек кишинин жансыз денеси табылгандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Ал жерге 4 куткаруучу тартылып, болжол менен 40-45 жаштагы эркек кишинин жансыз денесин суудан чыгарып, ИИМдин кызматкерлерине өткөрүп беришти.