Чүйдөгү унаа базарда жаран ири суммадагы акчасын уурдатты

Чүй облусунун милиция кызматкерлери тарабынан чоң суммада акча уурдоого шектелген уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

13-октябрь күнү Сокулук РИИБге Военно-Антоновка айылында жайгашкан “Риом” унаа базарында болгон окуя боюнча жаран арыз менен кайрылган. Ал арызында Хонда-Степвагон унаасынын эшигин сындырып, 30 миң 900 доллар жана 2 миллион 150 миң сом акча уурдап кетишкенин билдирген.

Бул факты боюнча 205-берене (уурулук) менен кылмыш иши козголгон. Кылмышка шектүү катары 1973 жана 1984-жылы туулган жарандар кармалып, камакка алынды. Тинтүү иштеринин жүрүшүндө кармалгандардын үйүнөн 29 миң 800 доллар жана 1 миллион 689 миң сом акча каражаты табылып, буюм далили катары табылган.