Чүйдөгү үй-бүлөдө болгон үрөй учурган кырсык: 8 жаштагы бала өрттөнгөн үйдө жан берди

Чүйдө үй өрттөнүп, 8 жаштагы бала көз жумду. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Бүгүн, 5-сентябрда Сокулук айылынын Кайназарова көчөсүндө жайгашкан турак үйдөн өрт чыккандыгы тууралуу маалымат түшкөн. Өрттү өчүрүүгө саат 06:10до Сокулук райондук №23 ӨКБдан жалпы 2 күжүрмөн эсеп тартылып, тилсиз жоо саат 09:59да толук өчүрүлгөн. Тилекке каршы өрттүн кесепетинен 2015-жылы туулган бала каза тапкан.

Жергиликтүү ЖМКлар үй-бүлөдө ата-эне балдары менен жашарын, башка балдарын алып чыгып, 8 жаштагы баласын чыгарууга үлгүрбөй калганын жазышты.