Чүйдөгү үрөй учурган жол кырсык. Ооруканада 26 жаштагы кыз көз жумду

Чүйдөгү жол кырсыгынан жабыркагандардын бири каза болду. Бул тууралуу Чүй облустук Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.

Кырсык кечээ кечинде катталган. Анда Daymler Chrysler автоунаасы бетон тосмону сүзүп, натыйжада 32 жаштагы айдоочу, 18 жаштагы келин ымыркайы менен мерт болгон.

Үч киши ооруканага жеткирилген. Бүгүн 26 жаштагы кыздын көз жумганы белгилүү болду. Ушу тапта ооруканада 44 жаштагы аял менен анын 23 жаштагы уулу дарыланып жатат.