Чүйдөн унаа айдап качкан жаран Нарындан табылды

Чүй облусуна караштуу Сокулук районунан унаа айдап качып кеткен жаран Нарын облусунан кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИББинин маалымат кызматынан билдиришти.

Маалыматка караганда, 3-март күнү Сокулук РИИБине жергиликтүү Р.Р. аттуу тургун арыз менен кайрылган. Анда ошол эле күнү болжол менен саат 10:00до үйүнүн жанында токтоп турган «Хонда-Фит» үлгүсүндөгү унаасын белгисиз бирөөлөр айдап кеткенин билдирген.

Бул факты Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине 206-берене (автотранспорт каражаттарын айдай качуу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган.

«Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн издөө иш-чараларынын негизинде, шектүү жарандын жүргөн жери такталып, Нарын облусунан уурдалган унаа менен жүргөн жеринен 19 жаштагы А.Э. аттуу жаран кармалган. Териштирүү учурунда шектүү жанындагы ачкычтары менен жогорудагы унааны ачып алып, аны айдап Нарын облусу тарапка кетип калганы маалым болгон. Учурда унаа ээсине кайтарылып берилди», — деп жазылат маалыматта.