Чүйдүн 31 жаштагы тургуну кыздарды чет өлкөгө сойкулукка сатууга шектелүүдө

Милиция кызматкерлери адам сатууга шектелген жаранды кармашты. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

ИИМдин Кылмыш иликтөө башкы башкармалыгынын ыкчам кызматкерлерине белгисиз аял алдап, жогорку маяна алуучу жумушка орноштуруу шылтоосу менен жаш кызды Түркияга жибергендиги тууралуу маалымат түшкөн. Кийин чет өлкөгө чыккан жаран адам сатуунун курмандыгы болуп, сексуалдык эксплуатацияга дуушар болгону такталган.

Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 166-беренеси «адамдарды соодалоо» боюнча кылмыш иши козголгон. Тергөө-ыкчам иш-чараларын жүрүшүндө, шектүү адам Чүй облусунун тургуну экендиги аныкталып, ал жогорку акы төлөнүүчү жумушка убада кылып, Кыргызстандын башка жаранын сексуалдык эксплуатациялоо максатында чет өлкөгө жиберүүгө ниеттенип жаткандыгы тууралуу маалымат алынган.

Көрүлгөн чаралардын натыйжасында кылмышка шектүү катары 1991-жылы туулган аялды кармашкан. Анын чет өлкөгө адамдарды сексуалдык кулчулукка сатуу аракетине бөгөт коюлду. Соттун чечими менен кармалган жаранга камакка алуу түрүндөгү бөгөт чарасы тандалды. Азыркы учурда адамдарды сатуу фактысы боюнча тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.