Чүйдүн айланма жолунда чоң жол кырсыгы катталып, каза болгондор бар экендиги айтылууда

Чүй облусунун айланма жолунда чоң жол кырсыгы катталып, каза болгондор бар экендиги айтылууда. Алдын ала маалыматтар боюнча, беш унаа кагылышкан, анын бири Hyundai Porter болгон.

Жол кырсыгы бүгүн, 1-сентябрда саат 16:00 чамасында Ивановка айылына жакын жерде катталган. “Окуя болгон жерде каза болгон адам бар”, — деп айтылат маалыматта.