Чүйдүн эки тургуну уруша кетип, бычак шилтенген. 28 жаштагы жигит ооруканада

Жайыл районунда денеге оор залал келтирген шектүү кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

2-майда Жайыл РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө аймактык ооруканадан бычактан жаракат алган жаран түшкөндүгү тууралуу билдирүү түшкөн. Алынган маалымат боюнча, ыкчам тергөө тобу барып, ал адамдын аты-жөнүн тактап, 1994-жылы туулган жаран экени аныкталган.

Бул факты Кылмыш-жаза кодексинин 130-беренесинин (ден соолукка оор залал келтирүү) негизинде кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Кылмышка шектүү катары 2001-жылы туулган жигит кармалып, Жайыл районунун ички иштер бөлүмүнүн убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Тергөөнүн алдын ала версиясы боюнча, кылмышка эркектердин ортосундагы чыр-чатак себеп болгон. Учурда бардык зарыл болгон ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүп, сотко чейинки териштирүүлөр уланууда.