Тоодо адашып кеткен индиялык жарандар табылды. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.
Маалыматка караганда, Чүй районунун Кегети айылынын Кегети капчыгайынын Көл-Төр эс алуучу жайына Индиянын 10 жараны эс алууга чыгып, жолдон адашып кетишкен. Маалымат куткаруучуларга жетип, алар саат 22:30да жерине чыгып, саат 00:50дө жетишкен. Саат 05:27де индиялыктарды таап, аман-эсен түшүрүп тийиштүү кызматкерлерге өткөрүп беришти. Адашып кеткен жарандар 3 кыз, 7 эркек экендиги аныкталган. Абалдары жакшы.