Чүйдүн тургундары милицияга өз ыктыяры менен мина, граната, тапанчаларды тапшырышты

Чүй облусунун аймагында ок атуучу курал-жарактарды мыйзамсыз сактоону аныктоо, коомдук тартипти сактоо жана коомдук коопсуздукту камсыздоо, ошондой эле кылмыштуулукту алдын алуу максатында 18-февралдан 31-мартка чейин “Арсенал” аталышындагы алдын алуу рейд иш-чарасы өткөрүлдү. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Аталган иш-чарага Чүй ОИИБдин коомдук коопсуздук кызматынан, кылмыш иликтөө кызматынан жана Чүй облусу боюнча ЖКККБнын кызматкерлеринен 430дөн ашуун кызматкерлер тартылган. Анда укук бузуулар боюнча 155 протокол толтурулган. Андан сырткары 25 ок атуучу курал-жарак, анын ичинде 5 газ травматтык курал-жарактар. Милиция кызматкерлери тарабынан 111 миң сомдон ашуун айыптар салынган. Жарандар тарабынан милиция кызматкерлерине өз ыктыяры менен 36 курал-жарак тапшырылган. Алардын ичинен 24 сайсыз курал, 6 газ-травматикалык тапанча, 3 кесилген курал, 41 даана ок-дары, 1 даана граната жана 1 даана мина.