Чүйдүн тургуну 23 баш кой уурдаткан. Шектүүлөрдүн бири өз баласы болуп чыкты

Ысык-Ата районунда мал уурдоо фактысы катталып, шектүүлөрдүн бири арыз ээсинин баласы экени аныкталды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 17-декабрь күнү милицияга арыз менен 1967-жылы туулган жаран кайрылып, ушул жылдын 10-ноябрынан 30-ноябрына чейинки убакыт аралыгында арыз ээсинин меринос породасындагы 23 баш коюн белгисиз бирөөлөр уурдап кетишкенин билдирген. Бул факты кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иштери башталган. Милиция кызматкерлери тарабынан жогорудагы кылмышка шектелип, 1992-жылы жана 1991-жылы туулган жарандар кармалды. Анын бири арыздануучунун баласы экени аныкталып, ал жогорудагы малды сатып, бирок атасына айтпаганы маалым болгон. Учурда териштирүү иштери улантылууда.