Чүйдүн тургуну милиция тарабынан сабалганын айтып чыкты. Милиция бул боюнча эмне дейт?

Кечээ, 12-апрелде СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облусунун тургуну кайрылып, Аламүдүн РИИБдин кызматкерлери тарабынан сабалганын, анын кесепетинен ооруканага жаткырылганын билдирген.

«Биз Аламүдүн РИИБдин башчысы менен сүйлөшкөнү барганбыз. Барган топтон мени бөлүп кетишип, РИИБдин ичинде сабашты. Тез жардам кызматын чакырып, ооруканада жатам», — деген ал.

Окуя боюнча редакцияга Чүй ОИИБден маалымат беришип, сабалды деген айыптоону четке кагышты.

«12-апрелде болжол менен саат 10:00дө активист Тайлаков баштаган топ Чүй ОИИБдин имаратына келишкен. Алар Чүй ОИИБдин жетекчилигине жолугуп, алдамчылык беренеси менен козголгон кылмыш ишине болгон ойлорун айтуу үчүн келишкен. 5 мүнөттөн кийин чогулгандардын алдына Чүй ОИИБдин башчысынын орун басары чыккан. Ал чогулгандардын нааразычылыгын угуп, тийиштүү тапшырмаларды берген. Активист Тайлаков бир нече алдамчылыкка шектелип жүргөн. Бирок ал тергөөчүнүн чалууларына жооп бербей жаткан. Сүйлөшүүдөн кийин ал тергөөгө саат 14:00дө келерин убадалаган. Бирок ал чогулгандар менен митинг өткөрүп жүрө берген. Буга байланыштуу тергөө амалдарынын негизинде, ошондой эле мажбурлап алып келүү боюнча токтомдун негизинде милиция кызматкерлери тарабынан аталган активист кармалып, тергөө амалдарын жүргүзүү үчүн Аламүдүн РИИБдин тергөө кызматына жеткирилген. Ал эми өз кезегинде жактоочунун катышуусунда ал да көрсөтмө берүүдөн жана тирешүүгө катышуудан баш тарткан. Милиция тарабынан сабалды деген маалыматты четке кагабыз. Ал кармалып келгенде нааразычылыгын билдирип, кыйкырып, качып баштаган. Ошол учурда жыгылып кеткен. Активист башы ооруп жатканын билдиргенден кийин Тез жардам кызматын милиция кызматкерлери чакырышкан. Бирок мындай фактыларга карабастан объективдүү жана ар тараптуу иликтөө үчүн Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын ички иликтөө кызматы тарабынан териштирилип жатат», — деп айтылат маалыматта.