Чүйдүн тургунунун 50дөн ашык баш жылкысын уурдатышы. Милиция эмне дейт?

Кечээ, 15-ноябрда СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Чүй облусунуну тургуну кайрылып, жээни 51 баш жылкыны уурдатып ийгендигин, жылкылар элдики болгондуктан жээни башын мыкчып, айласы кетип отурганын айтып кайрылышкан эле. Бул окуя боюнча милиция үн катты.

Маалыматка караганда, окуя боюнча тиешелүү ыкчам тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

«22-октябрь күнү Кемин районунун ички иштер бөлүмүнө 1974-жылы туулган жаран арыз менен кайрылып, Боролдой айылында жайгашкан Коңур жайлоосунан белгисиз себептерден улам 17 баш жылкысы жоголуп кеткенин билдирген. Алынган маалыматтын негизинде, дароо окуя болгон жерге Кемин РИИБдин ыкчам тергө тобу чыгышкан. Жогорудагы факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) боюнча катталган.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн териштирүү учурунда, Боролдой айылындагы сарайлардын биринде малчы болуп иштеген жаран ушул жылдын 10-октябрь күнү саат 11:30 чамасында Коңур жайлоосунан 17 баш жылкысынын жок экенин билип, ал тууралуу малдын ээсине кабарлаганын билдирген. 2-ноябрь күнү Кемин РИИБге Бишкек шаарынын жашоочусу 1973-жылы туулган жаран арыз менен кайрылып, Боролдой айылында жайгашкан Кара-Баткак жайлоосунан 22 баш жылкы 15 баш кулуну белгисиз себептерден жоголуп кеткенин билдирген. Дароо Кемин РИИБи окуя болгон дарек боюнча чыгышып териштирүү иштерин жүргүзүшкөн. Бул факты кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 200-беренеси (уурдоо) боюнча катталган. Сотко чейинки өндүрүш иштеринин алкагында арыз ээси суралып, ал 70 баштан ашык малы бар экенин айтып, анын жарымы Боролдой айылындагы сарайда, ал эми калганы Кичи-Кемин айылында малчылар тарабынан караларын билдирген. Ал эми малдын жоголушу боюнча 1-ноябрь күнү ага малчысы телефон аркылуу, 22 баш жылкы жана 15 баш кулундары жоголгонун билдиргени маалым болгон. Учурда милиция кызматкерлери тарабынан жоголгон малды издөө боюнча зарыл болгон ыкчам тергөө иш-амалдары жүргүзүлүүдө», — деп айтылат маалыматта.

Кемин РИИБдин кызматкерлери тарабынан Чүй облусунун шаардык, райондук бөлүмдөрүнө жоголгон мал боюнча багыттамалар жөнөтүлгөн. Мындан тышкары, Нарын облусунун Кочкор районундагы жана Чүй облусунун Токмок шаарындагы мал базарларда ыкчам иштер жүргүзүлүүдө.