Чыйырчык ашуусунда чоң жүк ташуучу оодарылып кеткен

Кечээ, 9-декабрь күнү Ош облусунун Чыйырчык ашуусунда жол кырсыгы катталган. Чоң жүк ташуучу унаанын айдоочусу рулду башкара албай калып, унаа оодарылып кеткен. Жабыркагандар жок.

Кырсык учурунда унаа жолдо кар тазалоо, тайгакка каршы кум-туз аралашмасын себүү жумуштары өз убагында жүргүзүлгөн. №959 Жол тейлөө ишканасы тарабынан 2 автогрейдер, 1 фронталдык жүктөгүч, 1 манипулятор, 2 самосвал, 1 бульдозер  тартылган.