«Чыканагын тилип, бутуна ок атып». Жалал-Абадда каракчылыкка шектелгендер кармалды

Жалал-Абадда жарандарды карактоо менен алектенген кылмыштуу топ кармалды. Бул тууралуу Жалал-Абад ОИИБден билдиришти.

Милицияга Ала-Бука районунун тургуну арыз менен кайрылып, ок атуучу курал жана бычак менен коркутуп, акча каражатын тартып алган жарандарга карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранган. Жабырлануучунун айтуусунда, белгисиз жарандар аны чакырып алып, унаасына отургузуп, Көк-Жаңгак шаарынын жайлоосуна алып чыгып, бычак жана белгисиз үлгүдөгү тапанча менен коркутушкан. Андан соң, жабырлануучуну унаадан түшүрүп, бычак менен коркутушуп, шилтеп, оң колунун чыканагынын үстүн тилип, тапанча менен бутунун астына атып, 50 миң сомун күчкө салып тартып алышкан. Аталган факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин 207-беренесинин (каракчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

Ошондой эле 2022-жылдын апрель айында милицияга дагы бир жаран арыз менен кайрылган. Жалал-Абад шаарында жабырлануучу өзүнө таандык болгон унаасын 950 миң сомго сатып, ага 700 миң сомун гана берип, калган 250 миң сомун ушул күнгө чейин бербей коркутуп алдап жүргөн, ушул эле айда “Айбек” менен “Турар” аттуу жигиттер келишип, алдоо жолу менен коркутушуп, жабырлануучуга таандык унааны өздөрүнө каттатып алуу аракеттерин көрүшүп, бул кылмыштуу ойлору ишке ашпай калган соң, 200 долларын жана 5000 сомун алып кетишип, кийин дагы акча алып турушкан. Аталган факты боюнча Жалал-Абад ОИИБи тарабынан Кылмыш-жаза кодексинин 209-беренесинин (алдамчылык) негизинде кылмыш иши козголуп, тергөө амалдары башталган.

28-январь күнү аталган жарандар кармалып, Жалал-Абад шаарындагы турак жайларына тинтүү иштерин жүргүзүү учурунда мурда соттолгон 39 жаштагы жарандын жашаган үйүнөн 2 бычак, 1 колго жасалган ок атуучу тапанчага окшогон курал, 1 үн басаңдаткычка окшогон темир, 1 темир союл жана 2 “Макаров” үлгүсүндөгү тапанча, 4 ок табылып алынды. Мындан сырткары, анын шериги 31 жаштагы мурда соттолгон жарандын жашаган үйдөн жана БМВ үлгүсүндөгү унаадан бир даана күмүш түстөгү колго жасалган бычак табылып алынды.