Чыккынчылыкка шектелип кармалган Кыргызстандагы казак диаспорасынын башчысы Марат Токтоучиковго карата сот өкүм чыгарды. СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Биринчи Май райондук сотунан билдиришкендей, ал 2 жыл 6 айга эркинен ажыратылган.
Буга чейин УКМК 2 Кыргыз жараны чыккынчылык кылгандыгы үчүн кармалганын билдирген эле. Кийин УКМК алардын бирөөсү саясат таануучу Марат Казакпаев экенин тастыктаган. Ал эми экинчиси Кыргызстандагы казак диаспорасынын башчысы Марат Токтоучиков экендиги маалым болгон.