Чыккынчылыкка шектелип кармалгандардын бири — Марат Казакпаев

Бишкекте саясат таануучу Марат Казакпаев чыккынчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу «24.kg» агенттиги өз булактарына таянуу менен жазып чыкты.

«Саясат таануучу учурда УКМКнын имаратында экени белгилүү болду. Кылмыш иши жашыруун деп жарыяланган. Кармалган адам мамлекетке чыккынчылык кылган мезгили жана кайсы өлкө үчүн иштегендиги тууралуу маалымат берилбейт. Марат Казакпаев менен кошо дагы бир кыргыз жараны — М.Т. кармалган, ал дагы мамлекетке чыккынчылык кылган деп айыпталууда», — деп айтылат маалыматта.

Буга чейин УКМК Кыргыз Республикасынын 2 жараны чыккынчылык кылгандыгы үчүн кармалганын билдирген эле.