Чүкүрү тергени кетип, дарыяга агып кеткен 8 жаштагы баланы издөө уланууда

Бүгүн, 23-апрелде Ош облусунун Кара-Кулжа районунда Тар дарыясына түшүп кеткен 8 жаштагы баланы издөө үчүн жерине 10 куткаруучу чыкты. Бул тууралуу ӨКМден билдиришти.

Кара-Кулжа райондук №66 өрт-куткаруу бөлүгүнөн 5, Кара-Суу райондук №25 ӨКБдан 5, жалпы 10 куткаруучу тартылып, издөөнү улантууда.

  • 20-апрель күнү Кара-Кулжа райондук ички иштер бөлүмүнө Ой-Тал айыл аймагында 2016-жылы туулган бала сууга агып кеткендиги тууралуу маалымат келип түшкөн.
  • Саат 13:00 чамасында Кара-Кулжа районунун Ой-Тал айыл аймагынын 2016-жылы туулган тургуну жана ушул эле аймактын 2011-жылы туулган тургуну чүкүрү тергени экөө бир атка учкашып, дарыядан өтүп бара жатканда аты кокустан жыгылып, 2016-жылы туулган бала сууга агып кеткен, ал эми экинчиси суудан сүзүп чыгып кеткен.