Бишкектин чет жакасындагы Орок айылындагы тоо боорунан чыккан өрт кечээ, 10-августта саат 20:25те толук өчүрүлдү. ӨКМнин Бишкек шаары боюнча башкармалыгынын ыкчам нөөмөтчүсүнүн берген маалыматына ылайык, өрттүн жалпы аянты болжол менен 100 гектарды түзгөн. Жабыркагандар жок.
Өзгөчө кырдаалдар министри Бообек Ажикеевдин көзөмөлү алдында өрттү өчүрүүгө ыкчам жана күжүрмөн аракеттер көрүлдү.
Кечээ, 10-августта аталган тилкеде ири өрт чыгып, 5 күжүрмөн эсеп, штаб тартылган. Алдын ала маалымат боюнча өрт чылым чегүүдөгү жоопкерчиликсиз мамиледен келип чыккан.