Чыңгыз Абдыраевдин өлүмү. Айыпталуучулар акыркы сөзүн айтышты

Бишкектин Свердлов райондук сотунда кайгуулчунун огунан каза болгон Чыңгыз Абдыраевдин өлүмү боюнча соттук отурум уланууда. Бүгүн айыпталуучулар акыркы сөзүн айтышты. Сотко судья Санжар Чотонов төрагалык кылууда.

«Залда отургандардын эч кимиси мындай абалда болгон эмес. Мен кишини өлтүргөнүм үчүн кечирим сурайм. Андайда ойлонууга убактым жок болчу. Мага ар тараптан кысым болду. Кечирим сурайм», — деди башкы айыпталуучу Жакупбек Дуулат уулу.

Ошондой эле соттолуучулар Юлия Сафонова, Абдималик Бекматов жана Эламан Базаркул уулу сөз сүйлөштү. Алар маркумдун жакындарынан кечирим сурап, соттон акыйкат чечим чыгарууну суранышты. Айыпталуучуну уккандан кийин сот чечим чыгаруу үчүн кеңешүү бөлмөсүнө кетти.

27-августта Бишкекте Чыңгыз Абдыраев аттуу 32 жаштагы айдоочу милиция кызматкери аткан октон каза болгон. Адегенде шаардык милиция бул окуяда маркумду күнөөлөгөн, кийин видео тарап кеткен соң, башка маалымат таратышкан. Ок чыгарган милиция кызматкери УКМКнын СИЗОсуна киргизилген.