«Чыңгыз Жумагуловду жеке кастыктан өлтүрдүм». Кримтөбөлдүн өлүмүнө шектелген «камералашы» кылмышты моюнуна алды

Бүгүн, 30-июль күнү Бишкек шаарындагы СИЗО-1де киши колдуу болгон кримтөбөл Чыңгыз Жумагуловду өлтүрүүгө шектелген камерада чогуу жаткан жаран кылмышты моюнуна алды. Бул тууралуу Жаза аткаруу кызматынан билдиришти.

«Бишкек шаарындагы СИЗО-1деги камералардын биринен киши колдуу каза болгон Чыңгыз Жумагуловдун жансыз денеси табылган. Алдын ала маалыматка ылайык, Жумагуловду бир камерада отурган жаран уруша кетип жеке кастыгынан өлтүргөн. Бул тууралуу шектүү көрсөтмө берген. Жеринде ыкчам-иликтөө тобу иш алып барууда», — деп жазылат маалыматта.