«Чыр чыгып…» Сокулукта күйөөсүн өлтүргөн делип, 42 жаштагы аял кармалды

Сокулук районунда күйөөсүн өлтүрүүгө шектелген аял кармалды. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 10-июлда Сокулук РИИБге Сокулук айылынын тургуну бычактан жаракат алганы тууралуу маалымат түшкөн. Жерине милиция кызматкерлери барган учурда, 1989-жылы туулган жарандын бычактан алган жарааттан көз жумганы маалым болгон. Аталган факты боюнча Жазык кодексинин 130-беренесине ылайык (адам өлтүрүү) кылмыш иши козголгон.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө кылмышка шектелип, 1979-жылы туулган аялы кармалды. Алдын ала айтылган маалыматтар боюнча, экөөнүн ортосунда чыр чыккан. Уруштун жүрүшүндө аялы күйөөсүн бычактап салган. Учурда кылмышка шектелген аял убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Тергөө иштери уланып жатат.