Октон каза болгон айдоочу. Кайгуул кызматкери камакка алынды

27-августта саат 21:30 чамасында Бишкек шаарынын Свердлов районунун ички иштер башкармалыгына Жибек Жолу проспектиси менен Гоголь көчөсүнүн кесилишине жакын жердеги мечиттин жанында ок атылып, бир киши жаракат алгандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.

Бишкек ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, мечиттин батыш тарабындагы унаа жүрүүчү бөлүгүндө окуя болгон жерди кароодо 1 даана өлчөмүндөгү гильза, кочкул күрөң түстөгү заттын издери табылган (алдын ала кан) жана кара күрөң түстөгү тампон алынган. Ошондой эле, жанындагы видеокамералардан жазуулар алынып, тергөө материалдарына кошулду. Чогулган материалдар Бишкек шаарынын Свердлов районунун прокуратурасына жөнөтүлүп, андан кийин УКМКнын Бишкектеги тергөө бөлүмүнө өткөрүп берилген.

Бул факты боюнча Жазык кодексинин 321-беренеси боюнча катталган: 1) курал же атайын каражаттарды колдонуу; 2) байкабастыктан оор зыян келтирүү. Инспектор УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.