Бишкек шаарынын аймагында «Притон-Көпөлөк» аттуу профилактикалык иш-чаранын алкагында милиция кызматкерлери тарабынан сексуалдык кызмат көрсөтүлүшү мүмкүн болгон жайларга текшерүүлөр жүргүзүлүүдө. Мындай жайлар негизинен сауналар, мейманканалар жана ижарага алынган батирлер болуп саналат.
Алдын алуу иш-чарасынын жүрүшүндө Укук бузуулар жөнүндө кодексинин 109,2 беренесинин негизинде (сойкулук менен алектенүү) 5 жаранга карата административдик протоколдор түзүлүп, Ленин райондук сотунун чечими менен ар бирине 20 миң сом өлчөмүндө айып пул салынды. Милиция кызматкерлери интимдик кызмат көрсөтүү менен алектенген жарандарды жана сойкуканаларды уюштурууга тиешеси бар адамдарды аныктоо иштерин улантууда. Мындай фактылар аныкталган учурда мыйзамда белгиленген тартипте жоопкерчилик каралат.