«Цианид болгон эмес» дешүүдө. Чаткалда кендердин биринде тундургуч жырылып кетти

Чаткал районунун Терек-Сай айыл аймагындагы «Эти Бакыр Терексай» ишканасында жайгашкан алтын ылгоочу эски фабрикасынын жырылып кеткен тундургучунда цианид болгон эмес. Бул тууралуу өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүн маалымат кызматынан билдиришти.

«Аталган жайга буга чейин көмүрдүн калдыктары төгүлүп, 30 метр кубдун тегерегиндеги саркынды суу келип чогулуп турган. Тосмо жырылып кетип, андагы суюктук дарыяга куюлган», — деп жазылат маалыматта.

Окуя боюнча өкмөттүн Жалал-Абад облусундагы өкүлү Абсаттар Сыргабаев тийиштүү кызматкерлерге тапшырма берди. Анда жергиликтүү тургундардын коопсуздугун камсыздоо үчүн залалсыздандыруу жана түшүндүрүү иштерин күчөтүү, алынган лабораториялык жыйынтыктар боюнча ыкчам маалымат берүү керектигин билдирди.

Кечээ, 23-январда саат 15:00 жана 16:00дүн орто ченинде жогорудагы кырсык катталган. Суунун ылдый жагында жайгашкан Терек-Сай жана Ынтымак айылдарынын тургундарына азырынча дарыянын суусун колдонбоо боюнча эскертүү берилген. Кенди иштеткен компания аларды таза суу менен камсыздап жатканы маалымдалды. Абалы жөнгө салуу боюнча оперативдүү штаб түзүлүп, кийинчерээк жүргүзүлгөн иштер жана кабыл алынган чаралар тууралуу маалымат берилери айтылды.