«Дааратканада жолугушуу өткөргөн». Бишкекте судья кармалды

Өзгөчө ири өлчөмдө пара талап кылуу фактысы боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы кармалды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.

Кечээ, 20-мартта Башкы прокуратура тарабынан козголгон кылмыш иши боюнча Бишкек шаарынын Свердлов райондук сотунун судьясы жана ортомчу болуп иштеген адвокат өзгөчө ири өлчөмдө, тактап айтканда 12 миң доллар опузалап пара талап кылгандыгы аныкталган. Жүргүзүлүп жаткан атайын тергөө иш-чараларынын жүрүшүндө судья жактоочу менен жашыруун сүйлөшүү жүргүзүү максатында, видеокөзөмөл камералары жок болгон жерлерде, тагыраагы өзүнүн дааратканасында жолугушууларды өткөргөндүгү, ал жерде соттук актыларды алардын пайдасына оң чыгаргандыгы үчүн айрым айыпталуучулардан алган акчалай сый акыларын өз ара бөлүштүргөндүгү такталган.

21-мартта судья Судьялар кеңешинин чечиминин негизинде Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун токтому менен 20-майга чейин УКМКнын тергөө абагына киргизилди. Учурда УКМК Жогорку соттун жетекчилиги менен биргеликте сот бийлигиндеги коррупциялык көрүнүштөрдү жоюу боюнча тиешелүү иштерди жүргүзүүдө.