«Дааратканага да бара алган эмес». Бишкекте унаа сүзүп кеткен үй-жайы жок адам таштандынын арасында жашап жүргөн

Бишкекте унаанын алдында калган үй-жайы жок адам бир нече күн таштандынын арасында жашаган. Бул тууралуу «Фонтан жизни» кайрымдуулук фондунан  билдиришти.

Маалыматка караганда, аталган фондго телефон чалуу болгон. Анда Жибек Жолу проспектисиндеги таштанды таштоочу жайда жаран жашап жатканын айтышып, анын баса албарын жана дааратканага да баса албасын айтышкан. Жанында жайгашкан үйдүн тургундары ага тамак берип турушкан.

Жерине фонддун кызматкерлери барып, окуяны сураганда, аны айдоочу сүзүп кеткенин айткан. Айдоочу аны ооруканага алып барган, гипс салдырып, кайра таштап кеткен. Башка маалымат айтуудан баш тарткан.