«Даараткананын жанында…». Ошто 12 жаштагы кызды зордуктаган делип, 39 жаштагы киши кармалды

Ошто 12 жаштагы өспүрүм кызды зордуктоого шектүү кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, 23-июлда болжол менен саат 20:30 чамасында Өзгөн шаарынын тургуну, 12 жаштагы өспүрүм кыз үйүнөн дүкөнгө чыгып кеткен боюнча дайынсыз жок болуп жаткандыгы тууралуу  Өзгөн РИИБдин нөөмөт бөлүмүнө кабар келген.

Аталган фак Өзгөн РИИБи ткарабынан Кылмыштардын жана Жоруктардын бирдиктүү реестрине катталган.

Текшерүүнүн жүрүшүндө, өспүрүм кыз Өзгөн РИИБдин жашы жете электер менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан табылган. Аталган жагдай боюнча жаш кыз өзүнүн көрсөтмөсүндө ошол эле күнү Өзгөн шаарындагы көп кабатуу үйлөргө жылуулук берүүчү (кателный) жайдын короосунда жайгашкан ажааткананын жанында белгисиз жаран зордуктагандыгын көрсөткөн. Анын берген көрсөтмөсүнө ылайык, соттук-медициналык экспертиза дайындалган.

Экспертизанын жыйынтыгы боюнча 12 жаштагы кыздын зордукталганы аныкталган.

Бул факт боюнча 24-июлда Жазык Кодексинин 162-беренесинин (сексуалдык мүнөздөгү зомбулук аракеттер) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Өзгөн РИИБдин кызматкерлери тарабынан тез арада көрүлгөн ыкчам иш чаралардын натыйжасында, аталган кылмыш ишке шектүү катары Кара-Суу районунун 39 жаштагы тургуну кармалып, Өзгөн РИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилген. Учурда тергөө иштери жүрүүдө.