«Дагы 15 арыз түштү». Ошто кармалган “Ансар Групп” кооперативинин жетекчилеринин бири үй камагына чыкты

Ош шаардык соту Ош ШИИБи тарабынан эки күн мурда кармалган «Ансар Групп» кооперативинин жооптуу жетекчилеринин баш коргоо чарасын карады. Бул тууралуу СЕРЕП МЕДИА маалымат агенттигине Ош ШИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, кооперативдин республика боюнча жетекчиси 1 айга камакта калтырылган. Ал эми Ош шаары боюнча жооптуу жетекчиси үй камагына чыгарылды.

11-октябрда аталган кооперативдин үстүнөн дагы кошумча 15 арыз келип түшкөн.