«Дагы 7 кылмыш ишине тиешеси бар». Баткенде эки өспүрүм кармалды

15-октябрга караган түнү белгисиз жарандар Баткен шаарындагы соода борборунун айнегин сындырып, ичиндеги кассадан болжол менен 5 миң сом акча каражатын уурдап кетишкен. Бул тууралуу ИИМден билдиришти.

Баткен ШИИБдин балдар менен иштөө инспекциясынын кызматкерлери тарабынан Лейлек районунун Катраң айылынын жашы жете элек эки бала аныкталып, Баткен шаарынан аныкталып кармалып, тергөө кызматына өткөрүлүп берилген.

Тергөө иштеринин жүрүшүндө бул өспүрүмдөр буга чейин дагы 7 уурулук ишин жасап жүргөнү аныкталган. Азыркы учурда тергөө иштери жүрүп жатат.