Дагы ала качуу! Күбөлөр кууп барып кызды куткарып калышты, бирок жабырлануучу арыз жазуудан баш тартты

Бишкектин 7-кичи районунда кыз ала качкан окуянын видеосу интернетке жайылды. Видеодон жигиттер кызды унаага күчтөп салып жатканын, кыз каршылык кылып, тепкенин, ага карабай айдоочу эшигин да жаппай, унааны катуу ылдамдыкта айдап кеткенин көрүүгө болот. Аталган факты боюнча сотко чейинки тергөө иштери жүргүзүлүп жатканын Октябрь РИИБинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, милиция кызматкерлери 25-декабрь күнү саат 23:00 чамасында көчөлөрдүн биринен эшиги ачык бойдон бара жаткан Тойота Ипсум үлгүсүндөгү унаасын, анын артынан дагы бир автоунаа кууп бара жатканын көрүшкөн. Шек жараткан унаанын артынан укук коргоо кызматкерлери барышканда анда 25-30 чамасындагы 3 жигит менен жанында 20 жаштагы кыз болгону аныкталган.

Бул факты адам уурдоо беренеси менен катталып, сотко чейинки тергөө иштери башталды. Бирок териштирүүнүн жүрүшүндө 20 жаштагы кыз эч кимге доосу жок экенин айтып, арыз жазуудан баш тартты.

Ал эми артынан кууган унаада ала качууга күбө болуп калган кайдыгер эмес жарандар болгон.