Дагы бир турак-жай кооперативинин жетекчиси алдамчылыкка шектелип кармалды

Дагы бир турак-жай кооперативинин жетекчиси алдамчылыкка шектелип кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 16-мартта Бишкектин Биринчи Май райондук милициясынан маалымдашты.

Бишкектин тургуну коммерциялык эмес кооператив болгон «Ак-Үй КейДжи» ЖЧКсынын негиздөөчүсүн кылмышка айыптаган. Анын айтымында, 2021-жылдын 18-ноябрында эркек киши анда 369 миң 600 сом алып, ордуна 679 миң 200 сомдук баадагы унаа менен кыймылсыз мүлк берерин убадалаган. Бирок мунун баары калп болуп чыгып, эркек киши акча алгандан кийин изин жашырган. Аял 10-март күнү арыз жазып, бул факты боюнча «алдамчылык» беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери 1986-жылы туулган жаранды кармап, тергөө абагына киргизди. Эгерде аталган шектүүдөн жабыркаган жарандар бар болсо, 0 (774) 97-61-57 же 102 телефон номурун чалып, кабарлар коюуну милициядан билдиришти.

Кечээ, 15-мартта «S-LINE» коммерциялык эмес турак-жай кооперативинин жетекчиси болгон 1994-жылы туулган жаран кармалганы маалым болгон.